Ачуусу келип кумсаруу, кыжыры кайнап, өңү бузулуу. Өзүнүн ички толгоосун байкаткысы келбей, каны ичине тарткансып, куп-куу болуп, бирок жай сүйлөөгө тырышты (Абдукаимов). Тиги таноосу кыпчылган ач күсөндөй сарынын андан бетер каны ичине тартып, муну тооруп жүрөт (Өмүрбаев). Алымды караган сайын таноосу кыпчылып, каны ичине тартат (Осмоналиев). Мисирейип, каары сыртына чыгып, каны ичине тартып, өңү куп-куу болуп, келини түгүл, көзүнө көрүнгөн кишинин баарын жутуп коёр кейпи бар эле (Эшмамбетов).
Ачуусу келип кумсаруу, кыжыры кайнап, өнү бузулуу. Өзүнүн ички толгоосун байкаткысы келбей, каны ичине тарткансып, купкуу болуп, бирок жай сүйлөөгө тырышты (Абдукаимов). Тиги таноосу кыпчылган ачкүсөндөй сарынын андан бетер каны ичине тартып, муну тооруп жүрөт (Өмүрбаев). Алымды караган сайын таноосу кыпчылып, каны ичине тартат (Осмоналиев). Мисирейип, каары сыртына чыгып, каны ичине тартып, өңү купкуу болуп, келини түгүл, көзүнө көрүнгөн кишинин баарын жутуп коёр кейпи бар эле (Эшмамбетов). Каныбектин каны ичине тартып, тиштери кычырап, жаак эттери түйүлө баштады (Жантөшев). Бугимовдун каны ичине тартып, өңү кумсарды (Сасыкбаев).